Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерлерди аныктоо боюнча рейддер уланууда

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерлерди аныктоо боюнча рейддер уланууда. Иштерди Мамлекеттик экотехинспекция аймактык балык чарбачылыгынын департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө.

 

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында тыюуга салынган тилкеде 87 балык улоо торлору алынды. Ведомстволор эскертет, көлдө балыкты мыйзамсыз улоого тыюу салынат. Эрежени бузгандар жоопкерчиликке тартылат.