Өзбекстанда Түрк мамлекеттери уюмунун саммити жыйынтыкталды

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун саммити жыйынтыкталды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын алкагында бир катар документтер кабыл алынды.

Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери кол койгон сегиз протокол, чечим жана келишим негизинен ортодогу соода-сатык менен жүк ташууну жакшыртуу, бажы текшерүүлөрүн азайтуу, санарип системалары жана уюштуруу жаатында кызматташуу максатын көздөйт.

Белгилеп кетсек, быйыл уюмдун тогузунчу жыйыны болду.