Жалал-Абад облусундагы кооптуу дарыялардын жээктери бекемделет.
Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, жаан-чачындан
улам дарыянын деңгээли көтөрүлүп Сузак районундагы 6 тилкеде кооптуулук жаралды.
Көк-Арт дарыясынын 5 чакырымын бекемдөө муктаждыгы бар. Андан тышкары,
Кара-Дарыя айылындагы дарыянын 2 чакырым жээгине дамба курулат.
Бирок, пандемиядан улам каржылоо токтотулган. Учурда маселени чечүү жолдору каралууда.
Кошумчаласак, облуста 72 коргоочу тосмо бар. Ал 8 миңден
ашык турак жайды жана айыл чарба аянттарын суу ташкынынан коргойт.