Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаңы мектеп пайда болот.

Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, Кызыл-Ата айылындагы

окуу корпусун салуу иштери 65 пайызга аткарылды, ал 225 окуучуга ылайык.

Учурда спорттук жана акты залдарынын чатырларын жабуу жумуштары аяктады,

сырткы дубалдары жылууланып, ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Курулушка 700 миң доллар сарпталат, сумманы Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берет.

Объектини 2021-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.