Жалал-Абад шаарында жаңы сквер курулат

Жалал-Абад шаарында жаңы сквер курулат.

 

Калаа мэриясынан билдиришкендей, эс алуу аймагы Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Нагима Айтматова көчөсүнүн кесилишинде пайда болот. Сквер куруу үчүн соода жайы жана анын айланасындагы соода түйүндөрү, тез татым жайлары алынат.

 

Учурда сквердин долбоору даярдалды. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.