Жалал-Абад шаарындагы №1 бала бакча оңдоодон өттү

Жалал-Абад шаарындагы №1 бала бакчанын эшик-терезелери пластикке алмыштырылды.

 

Шаардык мэриядан билдиришкендей, оңдоп-түзөө жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Учурда аталган бала бакчада 380 жеткинчек тарбияланып келет.

 

Эске салсак, Крупская атындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюму 1937-жылы курулган.