Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлер документтерин 14-октябрга чейин тапшырышы керек

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлер документтерин 14-октябрга чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу ММКларга Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

 

Анын айтымында, талапкерлер шайлоо округдарынын чек аралары аныкталгандан кийин эле документтердин топтомун тапшыра берсе болот. Бул үчүн берилген мөөнөт 14-октябрда соңуна чыгат.

 

Учурда БШКнын жумушчу тобу окургдардын чек араларын аныктоо иштерин улантууда, — деди Маматов. Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет талапкерлер аралаш система менен көрсөтүлөт – партия менен жана бир мандаттуу.