Жол эрежесин бузган унааларды кабарлоо телефону ишке кирди

Жол эрежесин бузган унааларды кабарлоо телефону ишке кирди.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жарандар  0777 102-102 WhatsApp номерине машинелерди туура эмес жерге токтотуп койгон, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын сүрөт жана видеого тартып, жөнөтсө болот.

 

Келген маалыматтарды кызматкерлер карап чыгып, тийиштүү чара көрүп, кайрылуу жөнөткөн жаранга жыйынтыгы жөнүндө кабар берет.