Жылуулук мектептерге дагы берилет

Жылуулук мектептерге дагы берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, учурда аралыктан окутуу болгонуна карабай, мугалимдер онлайн окутуу үчүн мектептерге келип жатат.

 

Ал эми бала бакчаларга жылуулук берүү суроосу бүгүн атайын топтун отурумунда чечилет.

 

Эске салсак, жылуулук сезону Бишкекте бүгүн старт алат. Алгач, социалдык объектилердин батареялары ысып баштайт, андан кийин жылуулук көп кабаттуу үйлөргө берилет.