АФК кубогунун алкагында «Нефтчи» Тажикстандын «Хужанд» командасын утуп алды

АФК кубогунун алкагында «Нефтчи» Тажикстандын «Хужанд» командасын утуп алды.  Оюн эсеби 1:0. Беттештин 51-мүнөтүндө дарбазага голду Александр Игнатенко киргизди.   Таймаш Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда өтүп, аны көрүүгө 1 миң 1  00дөн ашык көрүүчү келди. 26-февралда эки команда Душамбе шаарында кайрадан оюн талаасына чыгышат.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарнамалык такталарды жайгаштырууга тыюу салынышы мүмкүн

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жарнамалык такталарды жайгаштырууга тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу “Бишкек жарнама” муниципалдык ишканасынын директору Нургазы Жокунов билдирди.   Анын айтымында, чектөө Фрунзе, Токтогул, Панфилов көчөлөрүн жана Эркиндик гүлбагын бириктирген бөлүктө киргизилиши күтүлөт. Андан тышкары, кээ бир тилкелерде дагы жарнамалык такталарды жайгаштырууга айрым   чектөөлөр… Кененирээк…

Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 15-августка чейин уланат

Мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу 15-августка чейин уланат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул жылы система дагы     5 шаарда иштеп баштады – Бишкек, Ош, Кызыл-Кыя, Тогкмок, Кара-Балта жана Жалал-Абадда.   Ведомстводон белгилешкендей, каттоо жашаган тилкеси боюнча жана андан тышкаркы мектептерге бир убакта жүргүзүлөт.… Кененирээк…

ЕАЭБ  аймагында жыл аягына чейин  электр унааларын акысыз алып кирүүгө уруксаат берилди

ЕАЭБ  аймагында жыл аягына чейин  электр унааларын акысыз алып кирүүгө уруксаат берилди. Мындай машинелерди жеткирүүдө бажы төлөмдөрүн жокко чыгарууну Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы колдоду.   Анын төрагасы Михаил Мясникович ишендиргендей, мындай чара электр унааларынын рыногун кеңейтип, алардын өндүрүшүн өнүктүрүүгө жол ачат.

Apple өлчөмү кичирээк жана баасы жеткиликтүү болгон смартфон чыгарууну пландап жатат

Apple өлчөмү кичирээк жана баасы жеткиликтүү болгон смартфон чыгарууну пландап жатат. Бул модель 2016-жылы сатыкка чыгарылган iPhone SE сыяктуу жасалат. Жаңычылдык кандай аталат, азырынча белгисиз.   Күтүлгөндөй, ал же  iPhone 9 же  iPhone SE 2 деп  аталат. Смартфондун презентациясы 31-мартта болуп, жалпы сатыкка ал 3-апрелде… Кененирээк…

Бишкектин автобус, троллейбустарынын айдоочулары “Электрондук билеттештирүү” системасына атайын окутуудан өтүп жатат

Бишкектин автобус, троллейбустарынын айдоочулары “Электрондук билеттештирүү” системасына атайын окутуудан өтүп жатат. Бизге “Бишкек жүргүнчү автотранспорту” ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков билдиргендей, декабрдан тарта атайын адистер айдоочуларга инструктаж өтүүдө.   Анда электрондук төлөм кандай кабыл алынат, валидаторлор иштен чыгып калса эмне кылуу керек экени түшүндүрүлүп жатат. Белгилеп… Кененирээк…

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Ведомствонун маалыматына ылайык, бул эки өлкө чек арачыларынын сүйлөшүүлөрүнүн алкагында мүмкүн болду. Окуя бүгүн эртең менен Кадамжай районунун Чекелик айылында  болду. Биздин жарандар бул жерге Талас облусунан… Кененирээк…

Эл аралык таанышуу сайты дүйнөдөгү эң суулуу калктардын рейтингин түздү

Эл аралык таанышуу сайты дүйнөдөгү эң суулуу калктардын рейтингин түздү. Сурамжылоо порталдын колдонуучулары арасында жүргүзүлгөн. Эрежелерге ылайык, жаңы колдонуучунун анкетасы 48 саатта бааланат. Эгер башкалар аны сулуу эмес деп тапса, аккаунт өчүрүлөт.   Ага ылайык, эң суулуу эркектер Швецияда жашаса, эң сулуу айымдар Норвегияда. Тизмеге… Кененирээк…

Ордо калаанын “Жал” кичи районунда   жаңы сквер пайда болду

Ордо калаанын “Жал” кичи районунда   жаңы сквер пайда болду. Эс алуу аймагы Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда жарык диоддук лампалар орнотулуп, бой үйдүн инсталляциясы тургузулду. Ошондой эле, скверде көп жылдык гүлдөр отургузулду.   Мэриядан белгилешкендей, бул жерде мурда унаа токтотуучу жайы болгон.

Мектепке балдар электрондук кезек менен кабыл алынууда

Мектепке балдар электрондук кезек менен кабыл алынууда. 15-февралдан тарта 1-класска электрондук кезек менен кабыл алуу башталган. Быйыл система дагы 5 шаарда жеткиликтүү болду – Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмокто.   Баланы каттоо үчүн ата-энелерге туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, өзүнүн паспорту, жашаган жеринен маалымкат керектелет. Документтер… Кененирээк…