«Бишкек жарыктандыруу» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Бишкек жарыктандыруу» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Мэриядан билдиришкендей, кызматка Айбек Чодонов бекитилди. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. Эске салсак, ишкананын мурдагы жетекчиси Алимбек Абдылдаев Бишкек шаардык турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалган.

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык бала бакчалар жакынкы аралыкта иштеп баштайт

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык бала бакчалар жакынкы аралыкта иштеп баштайт. Калаа мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков novosti.kgге билдиргендей, учурда шаардык штаб бир катар талаптарды иштеп чыгууда. Анда тайпаларда балдардын саны 15тен көп эмес, бир гана калаада жашаган бөбөктөрдү кабыл алуу жана ата-энеси экөө тең иштеген,… Кененирээк…

Өлкөдө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү

Өлкөдө 144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова билдирет Анын айтымында, коронавирустан каза тапкан 21 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү. Акматова кошумчалагандай, төлөмдөрдү берүү уланып жатат. Белгилеп кетсек, өлкөдө кооптуу жерлерде иштеп жүрүп, КОВИД-19га… Кененирээк…

Кыргызстанда 900 миң жаран короавируска каршы вакцинаны акысыз алат

Кыргызстанда 900 миң жаран короавируска каршы вакцинаны акысыз алат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди. Ал белгилегендей, жеңилдик Жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорусу барларга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогорку… Кененирээк…

Бишкекте аба-ырайы өзгөрөт

Бишкекте аба-ырайы өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жылуу күндөрдү жаанчыл аба-ырайы алмаштырат. Эртең менен ордо калаада  күн чыкканы менен, түшкө жакын ылдамдыгы секундасына 14 сантиметрге жеткен катуу шамал болуп, жаан жаайт.   Аба табы төмөндөйт. Күндүз термометр мамычалары   22 градустан ашык көрсөтпөйт. Бирок 13-сентябрдан тарта кайра… Кененирээк…

Жалал-Абаддын 12 көчөсүндө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео байкоо камералары орнотулат

Жалал-Абаддын 12 көчөсүндө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында видео байкоо камералары орнотулат. Аталган калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда даярдоо иштери аткарылып, Ленин көчөсүнөн Курманбекке чейин жол чийиндери түшүрүлүүдө.   Тыгындарды алдын алуу максатында иштер кечки саат 11ден таңкы 6га чейин жүргүзүлүп жатат.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесинде иштер жыйынтыкталды

Каракол-Эңилчек унаа жолунун сел жууп кеткен тилкесинде иштер жыйынтыкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюуга атайын техника тартылган.   Бүгүн иштер аяктап, трасса кыймылга ачылды. Эске салсак, 8-сентябрда нөшөрлөгөн жаан жаап, Оттук дарыясынан суу ташыган. Жыйынтыгында, Каракол-Эңилчек жолунун бир бөлүгү жуулуп кеткен.

Билим берүү министрлиги окуунун реалдуу режимге кайтуу пландары менен бөлүштү

Билим берүү министрлиги окуунун реалдуу режимге кайтуу пландары менен бөлүштү. Пландар тууралуу кененирээк министрдин орун басары Надира Жусупбековадан уксак.   “Кооптуу кырдаал болбой, туруктуу болуп турса, акырындык менен реалдуу режимге өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат деген бизде чон ишеним бар. 2-класстардыойлоп атабыз, анткени алар бир эле жыл… Кененирээк…

Түркияда Чыңгыз Айтматов тууралуу макалалар жыйнагы жарык көрдү

«Bozkırın Uyanışı CENGIZ AYTMATOV» аттуу эки томдук китепке 23 өлкөдөн 98 тилчи-адабиятчынын макалалары кирди. Анын ичинде кыргызстандык авторлордун 52 макаласы бар. Бул туралуу «Азаттыкка» адабиятчы, окумуштуу, сынчы Абдылдажан Акматалиев билдирди.   “Бул долбоор 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата пландалган болчу. Китепке Айтматовду изилдөөчүлөрдүн эмгектери… Кененирээк…

Забайкальеде заманбап Робин Гуд кармалды

Забайкальеде заманбап Робин Гуд кармалды.   23 жаштагы эркек дүкөндөн  1 миллион рубль менен сейфти уурдап чыккан. Кийин ал акчаны толугу менен кайыр сураган адамдарга таратып берди.   Кармалган эркек кылмышын мойнуна алды. Белгилүү болгондой, ал буга чейин милицияга түшкөн эмес, — деп жазат ТАСС.