Ордо калаанын бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот

Ордо калаанын бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот. “Бишкек суу каналынан” билдиришкендей, таңкы саат 9дан кечки 8ге чейин суу Абдрахманов, Фрунзе, Сүйүмбаев көчөлөрүн жана Жибек-Жолу проспектин бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр тармактардагы калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.

Бишкекте дагы бир эс алуу аймагы пайда болот

Бишкекте дагы бир эс алуу аймагы пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, чакан парк Токтогул көчөсүнүн Жаш Гвардия бульвары менен кесилишинде жайгашат. “Чөнтөк паркы” аталышындагы эс алуу аймагынын жалпы аянты   730 чарчы метрди түзөт.   Скверде жаңы отургучтар, көчө жарыгы орнотулуп, бак-дарактар, гүлдөр отургузулат.

Кыргызстанда милдеттүү ОСАГОну киргизүү кайрадан жылдырылды

Кыргызстанда милдеттүү ОСАГОну киргизүү кайрадан жылдырылды. Каржы рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы Арзыбек Кожошевдин айтымында, мындай чечим өлкөдөгү кризисти эске алуу менен кабыл алынды.   Камсыздандыруу кийинчирээк транспорт каражатынын ар бир категориясы үчүн этап менен киргизилет.   Бирок чет элдик унаалар үчүн полистерди алуу кийинки… Кененирээк…

Apple корпорациясы өзүнүн смартфондору үчүн инновациялык чехол чыгаруу ниетинде

Apple корпорациясы өзүнүн смартфондору үчүн инновациялык чехол чыгаруу ниетинде. Аксессуар көпкө иштегенден кийин ысып кеткен телефондорду муздатуу касиетине ээ болот.   Күтүлгөндөй, муздатуучу чехол телефонго магниттин жардамы менен бекитилет. Ал качан сатыкка чыга турганы айтылган жок. Белгилеп кетсек, компания жакында эле баасы 150 миң сомго… Кененирээк…

Оштун борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүүчүлөр өтмөгү жаңыртылууда

Оштун борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүүчүлөр өтмөгү жаңыртылууда. Иштерди “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат. Өзгөчө көңүл бала бакча, мектептер жана социалдык мекемелердин алдындагы чийиндерге бөлүнүүдө.   Алардын жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашат. Иштер ушул жуманын аягына чейин жыйынтыкталат.

Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларынын жетишсиздиги байкалдууда

Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларынын жетишсиздиги байкалдууда. Айрыкча, маршруттук таксилерге. Шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги Нурлан Атыканов билдиргендей, айдоочулар тапкан акчасына канааттанбайт.   Көп айдоочулар иштен кетип калгандыктан, 25 маршруттук каттам жокко чыгарылды. Атыканов белгилегендей, эгер ордо калаада бир нече жыл мурда 2,5 миң кичи автобус каттамдарга… Кененирээк…

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды. Конституция боюнча Референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү пландалууда.   Баш мыйзамга сунушталып жаткан башкы жаңычылдык – Элдик Курултай институтун киргизүү болушу мүмкүн. Аны түзүү укугу Президентке гана таандык болот. Ал эми Жогорку… Кененирээк…

Эртең Бишкекте бул айдагы эң суук күн болот

Эртең Бишкекте бул айдагы эң суук күн болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, күндүз температура мамычалары -7 градусту көрсөтсө, түнкүсүн -12 градуска чейин төмөндөйт.   Эртең менен кар жаап баштап, кечинде гана токтойт. 20-ноябрь, жума күндөн тарта аба-ырайы бир аз жылып баштайт. Күндүз +7 градуска чейин жылыса,… Кененирээк…

Россия азырынча чет элдик студенттерди кабыл албайт

Россия азырынча чет элдик студенттерди кабыл албайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Билим берүү министрлиген жарыялашты. Маалыматка ылайык, кышка сессия аралыктан өтүп жатат.   Кошумчаласак, пандемияга байланыштуу, россиялык жогорку окуу жайлардын студенттеринин басымдуусу учурда чет мамлекеттерде.

Кыргызстанда кинотеатрларга 19-ноябрдан тарта иштөөгө уруксат берилет

Кыргызстанда кинотеатрларга 19-ноябрдан тарта иштөөгө уруксат берилет. Тиешелүү чечим Республикалык штабдын отурумунда кабыл алынды. Бирок расмий түрдө документке кол коюла элек.   Күтүлгөндөй, бүгүн түштөн кийин штаб кинотеатрларды ачуу боюнча документтерди Бишкек мэриясына жөнөтөт. Коронавирусту жайылтпоо максатында, кинозалдардагы адамдардын ортосундагы аралык жана санитардык нормалар сакталат.… Кененирээк…