Нарында жугуштуу оорулар ооруканасы ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Нарын облусуна иш сапарынын жүрүшүндө шаардагы жугуштуу оорулар ооуканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бакашованын айтымында, медициналык жай керектүү медициналык жабдыктар жана суюк кычкылтек системасы менен жабдылган. Ал министрлер кабинетинин атынан ооруканага 3,5… Кененирээк…

Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө чөп экспорттоого тыюу салуу сунушталууда

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө чөп, арпа жана буудайды экспорттоого тыюу салууну сунуштап жатат. Бул тууралуу “Кабарга” ведомстводон билдиришти. Макулдашуу министрлер кабинетинин кароосуна жиберилди. Белгилеп кетсек, учурда суу тартыштыгынан улам чөптүн наркы кескин кымбаттады. Чүй облусунда 90 сомго жогорулап, 250… Кененирээк…

Кыргызстанга жакынкы аралыкта дагы кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы жеткирилет

Кыргызстанга жакынкы аралыкта дагы кытайлык “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу республикалык имуннопрофилактика борборунун жетекчиси Гулбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, препарат гуманитардык жардам катары берилди, бирок Кытайдын шарты боюнча вакцинаны жеткирүү менен кыргыз тарап алектенет. Жеткирүү маселеси чечилди, — деп белгиледи Ишенапысова.

Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок

Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Азырынча шаарда бир катар чектөөлөр киргизилди. Мисалы, 17-июндан тарта Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлар саат 23.00гө чейин гана иштеши керек. Мэриянын маалыматына караганда, буга… Кененирээк…

Чүй облусунда 28 социалдык объектиде курулуш иштери аткарылат

Чүй облусунда 28 социалдык объектиде курулуш иштери аткарылат. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Быйылкы тизмеге ылайык, 7 мектеп, 13 мектептин кошумча корпусу, 1 суу объектиси, 1 бала бакча, 2 спорт комплекси жана 1 маданий мекеме курулуат. Андан тышкары, бир бала бакчанын, бир… Кененирээк…

Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер жана 20 миң тонна өсүмдүк майын берет

Кытай Кыргызстанга 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер жана 20 миң тонна өсүмдүк майын берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Кытай аталган азыктарды гуманитардык жардам катары акысыз ыйгарат. Марипов белгилегендей, министрлер кабинеты азык-түлүк менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте кызматкерлер жамааты менен эмдөөдөн өтсө болот

Бишкекте кызматкерлер жамааты менен эмдөөдөн өтсө болот. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева  билдирди. Анын айтымында, 20дан ашык адамдан турган жамааттык тизмени шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына же райондук администрацияга бериш керек. Мындай учурда жакынкы Үй-бүлөлүк медицина борборунун адистери көрсөтүлгөн дарекке барып вакцина сайып кетишет. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Кыргызстанга коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди

Кыргызстанга коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди. Ал 40 миң адамга жетет. Бул тууралуу Республикалык иммуно-профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Препартаттын эки компоненти 20 долларды түзөт, вакцинаны сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүндү. Эске салсак, буга чейин өлкөгө россиялык вакцинанын… Кененирээк…

Бишкекте эки үй-бүлөлүк медициналык борбор оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкекте эки үй-бүлөлүк медициналык борбор оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп, №3 жана №7 мекемелер тууралуу болуп жатат. Пландалгандай, объектилердин чатырлары жана ичи оңдоп-түзөлөт. Жалпысынан жумуштарга 3 миллион 300 миң сом баггытталат. Каражат шаардык бюджеттен берилет.  

Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев көчөсүн оңдоо иштери уланууда

Жалал-Абад шаарындагы Жусупбек Бакиев көчөсүн оңдоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, курулуштун алкагында жолго асфальт төшөлүп, ирригациялык тармакты өткөрүлүп, тротуар түшүрүлүп, көчө жарыгы орнотулат. Жумуштарга байланыштуу тилкенин Токтогул — Айтматова көчөлөр бөлүгү кыймылга жабык. Оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү. Иштерди ноябрга чейин… Кененирээк…