Бишкекте бүгүнтөн тартып 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт

Бишкекте бүгүнтөн тартып 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, алар №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептер. Ал эми калган 10 мектеп балдар менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн убактылуу онлайн форматта иш алып барууну улантат. Андан… Кененирээк…

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны көбөйүүдө. 1-январга карата жумушу жок деп катталган адамдардын саны 99 миң 300гө жетти. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 0,6 пайызга өстү. Анын ортосунда өлко боюнча иши жок жүргөндөрдүн көбү же 59 пайызы Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. Ошондой… Кененирээк…

Көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү

Көмүрдүн чекене баасы төмөндөдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча орточо эсеп менен өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу кара отун 1 пайызга төмөндөп, тоннасы 5 миң 178 сомду түздү. Ал эми өлкө боюнча минималдуу чекене баалар Чаек айылында тоннасы – 3 миң сом, Балыкчыда – 3 миң 950… Кененирээк…

Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан бардык турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат

Баткен облусундагы чек арага жакын жайгашкан бардык турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат. Бул тууралуу тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү кызматтарга берди.  Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөттө өткөн кеңешмеде коомдук коопсуздук, инфраструктураны калыбына келтирүү жана облустун башка муктаждыктарына зарыл каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу маселелери… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу

2022-жылдын 29-январы, саат 10.30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда, болгон эки тараптын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен бүгүн Кыргызстан менен Тажикистандын биргелешкен… Кененирээк…

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Nur Otan партиясынын төрагасы болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир добуштан Nur Otan партиясынын төрагасы болуп шайланды. Сунушту партиянын кезексиз съездинде Казакстандын тунгуч президенти, Елбасы Нурсултан Назарбаев киргизди. Белгилеп кетсек, «январь окуяларында » Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Коопсуздук кеңешин жетектеп калды. Эми парламент Назарбаевдин ыйгарым укуктарын расмий алып салуу үчүн мыйзамдарга… Кененирээк…

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуацияланганда үйлөрүнө кайтып келүүдө

Баткен облусунда чек ара чырынан кийин абал турукташып, айылдардан эвакуацияланганда үйлөрүнө кайтып келүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аларды куткаруучулар атайын бөлүнгөн техника менен алып келүүдө. Айрымдары жеке унаалары менен үйлөрүнө кайтып жатат. Эске салсак, чек ара чырынан Баткен облусу боюнча 11 миң адам эвакуацияланып,… Кененирээк…

Криштиану Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригестин туулган күнүн таң калаарлык куттуктады

Криштиану Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригестин туулган күнүн таң калаарлык куттуктады. “Манчестер Юнайтетддин” чабуулчусу дүйнөдөгү эң бийик имарат болгон Дубайдагы “Бурдж-Халифанын” жогорку фасадын ижарага алып, андан кызга куттуктоо видеосун тартуулады. Родригес кечээ 28 жашка толду. Эске салсак, Криштиану жана Джорджина 4 жылдан ашык убакыттан бери мамиледе,… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар кочкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 30-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун тоолуу аймактарына кар массасы түшүшү күтүлөт. Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз, тайгак болот. Айдоочуларга унаалардын ортосундагы… Кененирээк…

Быйыл саякаттоо үчүн коопсуз болгон өлкөлөр аталды

Быйыл саякаттоо үчүн коопсуз болгон өлкөлөр аталды. Рейтингдин сап башын Катар ээледи. Эксперттер андагы кылмыштуулуктун эң төмөнкү көрсөткүчүн жана коопсуздуктун жогорку индексин белгилешти. Экинчи сапта Бириккен Араб Эмирлиги турса, үчилтикти Тайвань бекитет. Тизменин алдыңкы саптарына ошондой эле Оман, Швейцария, Гонконг, Япония, Армения жана Словения кирди.