Кыргызстанда туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук реестри түзүлөт

Кыргызстанда туристтик ресурстардын жана туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү электрондук реестри пайда болот. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, реестрди жүргүзүү милдети туризм тармагындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт. Реестрге ресурстардын абалы, алардын географиялык жайгашуусу, чек аралары, аларды коргоо режими жана аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматтар киргизилет. Бардык маалыматтар… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубу аталды

Дүйнөдөгү эң кирешелүү футбол клубу аталды. Өткөн жылдын маалыматтары эл аралык консалтинг компаниясы тарабынан берилди. Ошентип, биринчи сапта англиялык «Манчестер Сити» клубу турат. Жыл ичинде ал дээрлик 645 миллион евро тапкан. Экинчи орунда “Реал” турат, анын кирешеси 640,5 миллиондон бир аз ашты. Ал эми алдыңкы… Кененирээк…

Жарандар 25-мартка чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча өздөрүн тизмеден тактай алышат

Жарандар 25-мартка чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча өздөрүн тизмеден тактай алышат. БШКдан билдиришкендей, так эместиктер болсо, шайлоочулар арыз менен комиссияга кайрылууга укуктуу. 31-мартка чейин добуш берүү укугуна ээ болгондордун акыркы тизмелери жарыяланат. Эске салсак, айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад… Кененирээк…

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын кыскартуу пландалууда

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин иш кагаздарын кыскартуу пландалууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дарыгерлер менен медайымдар бейтаптарга берилген 26 түрдөгү иш-аракеттер журналын, 45 түрдөгү отчетторду жана 100гө жакын каттоо бланктарын толтурууга аргасыз болууда. Мунун баары бир топ убакытты талап кылып, жарандарды кабыл алууда чоң… Кененирээк…

Бишкектин Биринчи май районундагы 150 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди

Бишкектин Биринчи май районундагы 150 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Раондук администрациянын маалыматына ылайык,  социалдык жактан аялуу катмарына колдоо эл аралык кайрымдуулук фонду менен биргеликте көрсөтүштү. Анын алкагында, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турган 150 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы тапшырылды.  

Майлуу-Суудагы электр лампа заводу мамлекеттин менчигине кайтарылат

Майлуу-Суудагы электр лампа заводу мамлекеттин менчигине кайтарылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, ишкананы мындан ары өнүктүрүү боюнча бизнес-план түзүлүүдө. Эми аталган завод жаңы технологияларды колдонуу менен энергияны үнөмдөөчү лампаларды жана башка айнек буюмдарын чыгара баштайт.

Көчмө кичи-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү

Көчмө кичи-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Аталган комплекс өткөн жылдын ноябрынан бери Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрдү. Анын алкагында, 20 миңден ашуун адам ар кандай тармактагы медициналык адистерден кеңеш ала алышты. Диагностикалык комплекс жакын… Кененирээк…

Өлкөдөгү 13 айылдык кеңешке 160 аял депутаттыкка талапкер болууда

Өлкөдөгү 13 айылдык кеңешке 160 аял депутаттыкка талапкер болууда. БШКнын маалыматы боюнча, мандаттын жалпы саны 243 болсо, анын ичинен 96 мандат аялдар үчүн каралган. Жалпысынан 515 талапкер көрсөтүлүп, анын 491и катталды. Эске салсак, үч шаарда жана 13 аймакта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 10-апрелде өтөт.

Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушу үчүн 7 миллион 480 миң еврого жабдуулар сатып алынат

Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушу үчүн 7 миллион 480 миң еврого жабдуулар сатып алынат. Бул тууралуу Novosti.kgге “Чакан ГЭС” ишканасынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, бул үчүн австралиялык компания менен келишимге кол коюлду. Эске салсак, Киров суу сактагычындагы “Бала-Саруу” гидроэлектр станциясын курууга былтыр капсула салынган. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт,… Кененирээк…

Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилет

Кыргызстандагы бардык бөлүштүрүүчү компаниялар – “Түндүкэлектр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектро” “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ишканасына бириктирилет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча чечим ушул жумада акционерлердин кезексиз жыйынында кабыл алынат. Белгилеп кетсек, “Түндүкэлектр” Бишкек, Чүй жана Талас облустарындагы бардык абоненттерди, “Чыгыш электр” Ысык-Көл жана Нарын… Кененирээк…