Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы 3-июнда кое берилет

Анкара – Бишкек – Анкара аба каттамы 3-июнда кое берилет.   “Манас” эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Түркиянын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт.   Ал эми августтан тарта каттам күн сайын аткарылып баштайт.

Кыргызстанга импорттолгон өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы жоюлду

Кыргызстанга импорттолгон өсүмдүк майына кошумча нарк салыгы жоюлду. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алды.   Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда өсүмдүк… Кененирээк…

Дары департаментинин директору бир айга тергөө абагына киргизилди

Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин кармалган директору А.А.И. 23-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. Мындай чечимди сот тергөөчүнүн берген сунуштамасынын негизинде кабыл алган. Эске салсак, аталган департаментти Абалиева Айнура 2022-жылдын ноябрынан бери жетектеп келет.… Кененирээк…

Румынияда дүйнөдөгү эң чоң футболка тигилди

Румынияда дүйнөдөгү эң чоң футболка тигилди.   Анын узундугу 108 метрди түзсө, кеңдиги 73 метрге жетет. Аны жайса – жарым стадионду ээлейт. Ал эми кездемеси кайра иштетилген жарым миллион пластик бөтөлкөсүнөн жасалган.   Аларды чогултуп, тигүү үчүн 1 ай талап кылынды. Гиннес рекорддор китебине мындай… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мектептин курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мектептин курулушу башталды. Аймактагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы билим берүү мекемеси Жер-Үй айылында пайда болот.   Ал 150 окуучуга чакталат. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 113 миллион сом бөлүнөт.

Жалал-Абадда 31 млн сомго 500 метр жол оңдолот

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарындагы К.Назаров көчөсүнүн 500 метр аралыгын оңдоого тендер жарыялады.   Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына таянсак, пландалган сумма — 31 млн 28 миң 900 сом, конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү 9-июнга чейин.

Жалал-Абад шаарындагы №1 бала бакча оңдоодон өттү

Жалал-Абад шаарындагы №1 бала бакчанын эшик-терезелери пластикке алмыштырылды.   Шаардык мэриядан билдиришкендей, оңдоп-түзөө жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Учурда аталган бала бакчада 380 жеткинчек тарбияланып келет.   Эске салсак, Крупская атындагы №1 мектепке чейинки билим берүү уюму 1937-жылы курулган.

Илон Масктын компаниясы мээ чиптерин адамдарга сыноого уруксат алды

Америкалык ишкер Илон Масктын мээнин чиптерин жасаган Neuralink компаниясы аны адамдарга тагып, клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат алды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Мурдараак, 2022-жылдын башында, Neuralink тамак-ашка жана медикаменттерге санитардык көзөмөл кылган америкалык башкармалыкка (FDA) жогорудагыдай сыноо жүргүзүүгө уруксат берүүсүн сурап кайрылган. Бирок ведомство компаниянын арызын канааттандырган… Кененирээк…

Улуттук банк алтын куймаларын биржага сата баштады

Кыргызстандын Улуттук банкы алтын куймаларды соода аянтында сатууну баштады. Бул тууралуу 26-майда аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка караганда, бул Кыргызстандын ички рыногунда баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү, анын ичинде зергерчилик тармагын чийки зат менен камсыздоо жана баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү арттыруу максатында… Кененирээк…

Түштүк Кореяда жүргүнчүлөр учуп бара жаткан учактан кулап кете жаздады

Түштүк Кореяда жүргүнчүлөр учуп бара жаткан учактан кулап кете жаздады. Окуя аба лайнеринин Тэгу шаарындагы аэропортко конуу жасап жаткан учурда катталды.   Учак коноюн деп атканда авариялык эшик ачылып кеткен. Жыйынтыгында 9 адам жабыркады. Пилоттор акыры учакты ийгиликтүү кондура алды. Учурда полиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын… Кененирээк…