Сауд Арабиялык “Аль-Хиляль” клубу Лионель Мессиге рекорддук сумма менен келишим сунуштады

Сауд Арабиялык “Аль-Хиляль” клубу Лионель Мессиге рекорддук сумма менен келишим сунуштады. Ага ылайык, эки жылда футболчуга 1 миллиард евродон ашык берилет.   Эгер аргентиналык форвард макул болсо, анын жылдык маянасы 600 миллион еврону түзөт. Бул аны автоматтык түрдө дүйнөдөгү эң кымбат футболчу кылат.   Соңку… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарында жаңы эс алуу багы ачылды

Чолпон-Ата шаарында жаңы эс алуу багы ачылды. Парк №2 мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашат.   Анын жалпы аянты 16 гектарга барабар. Эс алуу аймагында шаар тургундары жана коноктору үчүн амфитеатр, веложолчо, көпүрөлөр, фонтан жана жасалма арал каралган.   Курулуш иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууну каалагандар мамлекеттик бюджетке 144 миллион сом которду

Кыргызстанда унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууну каалагандар мамлекеттик бюджетке 144 миллион сом которду. Дал ушундай суммага уруксат кагазы берилгенин “Унаа” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Ведомстводон такташкандай, расмий тонировкага лицензия бир жылга берилет. Андан кийин унаа ээлери аны узартышы керек.   Эске салсак, алдыңкы каптал айнектерди… Кененирээк…

Индонезияда “алтын визалар” пайда болот

Индонезияда “алтын визалар” пайда болот. Аларды жакынкы жумаларда чыгарууну пландап жатышат.   “Алтын визалар” чет өлкөлүк жарандарга Индонезияда узак убакытка – беш жылдан он жылга чейин болууга мүмкүндүк берет. Бирок бул кызмат баарына жеткиликтүү боло бербейт.   Алсак, чет элдиктер бир катар критерийлерге жооп бериши… Кененирээк…

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди орнотту. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Документте эки өлкөнүн жарандарын 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган. Келишим эки республиканын аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүүнү камтыйт.

Бишкектеги мектеп лагерлери 5-июндан тарта иштей баштайт

Бишкектеги мектеп лагерлери 5-июндан тарта иштей баштайт. Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 39 аянтча ачылат. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш менен камсыз болушат.   Жалпысынан төрт миңден ашык баланы камтуу пландалууда. Каникул учурунда алар үчүн маданий саякаттар, сынактар, спорттук оюндар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Мектеп лагерлери 30-июнга… Кененирээк…

Памирлик кыргыздарга үй курууга республикалык бюджеттен 80 млн сом бөлүндү

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн үй курууга республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулары күтүлүүдө.   Этникалык кыргыздарга турак жай салууга 70 гектар жер аянты трансформацияланган. Анын 40 гектары Кашка-Суу айылында болсо, 30у Бурган-Сууда. Афганистандан… Кененирээк…

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн курула баштаган үйлөр жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Novosti.kgге район акими Темирболот Абыкеев билдиргендей, курулушка республикалык бюджеттен 80 миллион сом бөлүндү. Быйыл жалпысынан 30дан ашык үй курулат деп күтүлүүдө.   Этникалык кыргыздар үчүн турак жай салууга аймакта 70 гектар жер аянты трансформацияланган.… Кененирээк…

Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

2-3-июнь күндөрү Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.   Бул күндөрү Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишелдин жолугушуусу өтөт. Чет өлкөлөрдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа… Кененирээк…

Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди

Боом капчыгайындагы өрттөн 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилди. Бул тууралуу 24 агенттигине Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынан билдиришти.   Мекеме өрт кырсыгы март жана май айларында катталганын эске салат.   Бардык чогултулган материалдар себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Тоң… Кененирээк…