Асман шаарынын курулушу май айында улантылат

Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу май айында улантылат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.   Ал ишендиргендей, учурда кагаз иштери жүрүп жатат.   Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр Ысык-Көл облусунун аймагында “Асман сити” деген шаардын курулушуна капсула салган. Андан кийин курулуштар кайра… Кененирээк…

«Кыргызжылуулукэнерго» келерки кышка чейин 30 отказанды жаңылайт

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине чейин аймактардагы филиалдарында 30 даана отказанды жаңылоо жумуштарын баштады.   Энергетика министрлиги билдиргендей, ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказанды “Чүй адистештирилген көчмө механикалык колоннасы” жасап, жеткирет. Калган 6 даана отказан Россиядан сатып алынат.   Эске салсак, былтыр 33 отказан… Кененирээк…

Өлкөдө 1 миллиондон ашык жаран электрондук кол тамгага ээ болду

Кыргызстанда 1 миллион 200 миңдей адам электрондук кол тамгага ээ болду. “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын башчысы Кубанычбек Садамбеков билдиргендей, бул топтогу жарандардын жарымынан көбү мамлекеттик органдардын кеңселерине өздөрү келип кол тамгаларын санариптик формада киргизишсе, калганы аралыктан туруп алышкан.   Электрондук санариптик кол тамга – бул кагазга… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир скважинаны бургулоо иши аяктады

Бишкектеги Театралдык скверинин аянтындагы скважинаны бургулоо иши аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, скважинанын тереңдиги 100 метр, кубаттуулугу саатына 65 метр куб сууну түзөт. Бул скважина болжол мн 10 га аянтты сугарып? жашылдандырат.   Cкважиналар  iаар райондорунун кургакчыл жана суусу аз аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн… Кененирээк…

Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды

Чүй облусунда автоунаа чогултуу боюнча заводдун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, жеңил жана коммерциялык унааларды, атайын техникаларды чогултууга, транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка чыгарууга багытталган.   Ишкана министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар жана кытай… Кененирээк…

АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү

АКШда жаш жубайлар алардын үйлөнүү тоюндагы тамак-аш үчүн конокторду төлөттү.   Алар меймандарга белектин ордуна тамак үчүн акча которууну суранган. Чоңдордон 40 доллардан, ал эми балдардан 20 доллардан талап кылынды.   Коноктордун бири мындай өзгөчө чакыруу кагазын интернетке жайгаштырды. Бул идеяны жактыргандар дагы, сындагандар дагы… Кененирээк…

Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды

Адамдардын IQ даражасы боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды. Сап башында Түштүк Кореянын жарандары турат. Алардын IQ даражасы 107,54 балл деп белгиленген.   Экинчи орунда Кытай. Үчүнчүдө Иран турат. Маалыматта айтылгандай, бул рейтинг International IQ test порталы аркылуу өз каалоосу менен тесттен өткөн адамдардын натыйжаларына карап түзүлгөн.   Кыргызстан:… Кененирээк…

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында  2024-25-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынынын филиалдарында  2024-25-жылдын күз-кыш мезгилине карата 30 отказанды жаңылоо планадалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Беловодск, Нарын, Каракол, Жалал-Абад, Таш-Кɵмүр, Кара-Кɵл бөлүмдөрүнө ар кандай кубаттулуктагы 24 даана отказан орнотулат. Ал эми калган 6 отказанды Россиядан Кара-Балта, Токмок, Талас жана Майлуу-Суу… Кененирээк…

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды

Ат-Башы ГЭСи реконструкцияланды. Эске салсак, станцияны жаңыртууга  28 миллион долларды Швейцария бөлүп берген. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бөлүнгөн каражат толугу менен өздөштүрүлдү.   Реконструкция иштеринин жыйынтыгында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14 пайызга чейин жогорулатылган.

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралууда

Кыргызстанда 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. Анын сөзүнө караганда, өлкөдө адвокатура тармагын ирээтке келтирүү ишинин алкагында 2023-жылдын декабрь айында министрликке Адвокаттар кеңеши 300дөй адвокаттын лицензиясын алуу жана токтотуу тууралуу сунуш берген.   “Адвокаттык… Кененирээк…