27-августтан тарта Россия Венгрия, Кыргызстан, Тажикстан жана Кипрге авиа каттамдардын санын көбөйтөт

27-августтан тарта Россия Венгрия, Кыргызстан, Тажикстан жана Кипрге авиа каттамдардын санын көбөйтөт.

 

Бул тууралуу коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөө штабынан билдиришти.

 

Маалым болгондой, жайдын соңунан тарта Кыргызстанга Москва-Бишкек багыты менен келсе болот.

 

Учактар буга чейин жумасына 3 ирет каттаса, эми каттамдардын саны 7ге жетет. Бишкек жана Ош шаарларына Новосибирск, Красноярск, Казань, Екатеринбург, Иркутск, Грозный шаарларынан учуп келүүгө мүмкүн.