Москвада 200 миң куруучу-мигрант жетишпейт. Бул тууралуу “Известия” басылмасына Россия ордо калаасынын вице-мэри Владимир Ефимов билдирди.
Анын айтымында, дефициттен улам, куруучу компаниялар жумушчуларды бири-биринен сатып алгандыктан, кызматтын баасы дагы өсүүдө.
Чиновник белгилегендей, пандемияга чейин Москвада турак-жайдын баасы туруктуу кармалып келсе, эми баалар кескин көтөрүлүп жатат.