Кыргызстандык аскерлер Казакстандан 14-январда кайтып келет. Коргоо министрлигинен маалым болгондой, жоокерлер “Ак-Жол” өткөрмө бекети аркылуу келет.
Эске салсак, ЖККУ 6-январда президент Касым-Жомарт Токаевдин өтүнүчү менен Казакстанга өз аскерлеринин контингентин жөнөткөн.
Кыргызстандан Казакстанга атайын багыттагы 150 аскер кызматкери, 8 бронетехника жана 11 аскердик техника жөнөтүлгөн.