Министрлер кабинетинин кризиске каршы планы каржы рыногун турукташтырууга, айыл чарбасын колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, ошондой эле айрым тармактар үчүн чийки затты импорттоодо салык жүгүн жеңилдеткен ченемдик актылар кабыл алынып, товарлардын айрым түрлөрүнө кошумча нарк салыгы алып салынды.
Министр бул кадам учурда болуп жаткан баалардын өсүшүн жөнгө салышы керек, — деп эсептейт.