Бишкекте бүгүн айрым борбордук көчөлөр унаа кыймылына чектелет. Бул Кыргызстан – Малайзия футбол курамаларынын беттешине байланыштуу экенин Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.
Бүгүн күндүзгү саат 2де Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеси жана Фрунзенин Исанов – Панфилов бөлүгү жабык болот.
Тыгындарды алдын алуу үчүн айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.