Селден улам Ош-Раззаков жолундагы көпүрө урап, кыймыл жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош-Раззаков жолунун 65-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түштү.
Жабыркагандар жок. Жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Жарандарга аталган жол менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.