Абактарда абал туруктуу, коронавирус катталган жок

Кыргызстандын абак мекемелеринде азыр абал туруктуу, камалгандар арасында «коронавирус жуктурду» деп шектелгендер жок. Бул тууралуу 2-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы  кабарлады.

 

Мекеменин маалыматына караганда, абак кызматкерлери беткап менен камсыз болгон, имараттарды дезинфекциялоо иши үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Медициналык жайларда жана ооруканаларда обсервация бөлмөлөрү даярдалган, № 47 колонияда өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.

ЖАМК белгилегендей, «Жөтөлгө каршы, дененин температурасын төмөндөтүүчү дары-дармек, витамин жетиштүү».

 

Эл аралык уюмдардан коргонуучу кийимдер, антисептик жана башка медицина каражаттары гуманитардык жардам иретинде өткөрүлүп берилген.

 

Ал эми мунапыс маселеси тууралуу мекеме «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата мунапыстын долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатат» деп билдирди.