Аймактарда жалгыз жашаган карыларга социалдык кызматкерлер жардам берет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Жумгал районунда жалгыз бой, улгайган 110 адамдын үйлөрү дезинфекцияланды.
Муктаж үй-бүлөлөр азык-түлүк, дары-дармек, медициналык бет каптар менен камсыздалды.
Иштер ошондой эле Бакай-Ата, Кемин райондорунда жүргүзүлгөн. Андан тышкары, соцкызматкерлер кары-картаңдарга коронавирустан сактануу жол-жоболорун түшүндүрүп беришүүдө.