Американын эл аралык уюму Кыргызстанга 1 миллион долларлык жардам көрсөттү

Американын эл аралык уюму Кыргызстанга 1 миллион долларлык жардам көрсөттү.

Өлкөдөгү АКШнын элчилигинен билдиришкендей, жардам ковид менен күрөшүү үчүн

медициналык жардам түрүндө келди. Алсак, техникалар Бишкектеги, Чүй жана

Ош облустарындагы 5 ооруканага, 3 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна тапшырылды.

Учурда берилген кычкылтек концентратору, көчмө рентген-аппарат, тоңдуруучу

камера жана башка жабдуулар кызыл зонадагы коронавируска кабылган

бейтаптарды изилдөөгө жана дарылоо үчүн колдонулууда.