Беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөт үчүн Кубатбек Боронов кечирим сурады

Премьер-министр Кубатбек Боронов жакында эле өкмөт үйүнүн алдында тартылган сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

 

Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берген. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда мурдагы, азыркы премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жалпы сүрөткө түшкөн. Сүрөткө болжол менен 100дөн ашык киши, эч кандай бет кабы жок эле тартылган. Ал социалдык тармакта кайчы пикир, нааразычылыктарды жараткан.

 

«Ошол күнү Жогорку Кеңеш мени премьер-министрликке жана өкмөттүн курамын бекиткен. Парламент жыйынына катышкандан кийин өкмөт үйүнө жумушка барып, фракция лидерлери жана президенттик аппараттын жетекчиси менен премьер-министрдин иш бөлмөсүнө кирдик. Алар кеткенден кийин Мухаммедкалый Дүйшекеевич экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы экс-премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү. Коридордо өкмөт аппаратынын бир топ кызматкери туруптур. Алардын баары беткапчан болчу. Андан кийин чогуу сүрөткө түшүүнү жана бет капты ала турууну суранышты. Ошол учурда ага маани бербептирмин, азыр өкүнүп атам», — деди Боронов.