Бишкекте “Ак-Кула” жаңы ат майданын долбоорун чийүүгө дээрлик  19 миллион сом багытталат

Бишкекте “Ак-Кула” жаңы ат майданын долбоорун чийүүгө дээрлик  19 миллион сом багытталат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

 

Анда белгиленгендей, долбоор эл аралык жана олимпиадалык ат спортунун түрлөрүн өткөрүүгө ылайыкташы керек. Башкы талаптардын бири – көркөмдөө түстөрүнө учурдагы “Ак-Кула” ипподромунун элементтери колдонулушу керек.