Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийинки абал турукташты

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийинки абал турукташты. Мэриядан билдиришкендей, “Бишкексууканал” ишканасы бардык насосторду ишке киргизип, учурда суу элге кадимки тартипте жетип жатат.

 

“Түндүк электр” компаниясы шаарга керектүү көлөмдө электр энергиясын берүүдө. “Бишкек ЖЭБде” үйлөргө жылуулук жеткирүү калыбына келтирилип, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы ысык суу берүүнү жөнгө салды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда бир күн мурда электр жарыгы жапырт  өчүп калган. Жагдайдын себеби азырынча так айтыла элек.