Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Иштерди Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Тазалык” ишканасы менен бирге жүргүзүп жатат.

 

Бул ирет Леваневский көчөсүндөгү соода түйүнү, Чүй поспектисинде дүкөндүн дарбазасы жана Киев көчөсүндөгү кафенин жайкы аянтчасы алынды. Алар тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Бул жаатта иштер уланат, — дешти мэриядан.