Бишкекте УКМКнын ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

Бишкекте УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ачылыш аземге УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

«Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган», — деп айтылат билдирүүдө.