Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тартып киргизилет.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, кечки саат 8ден таңкы
8ге чейин коменданттык саат болот, мындай режим 21-октябрга чейин созулат.
Кырдаалды милиция жана аскер кызматкерлери көзөмөлдөйт. Комендант болуп
ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев дайындалды.
Өзгөчө абал учурунда Бишкек аймагында спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана
башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ишкана, мекемелердин
иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилет. Эл көп чогулган жерлерде
жарандардын документтери текшерилет.