Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн кечки саат 5ке чейин Аламүдүн,
Манас, Военно-Антоновка айылдарынын айрым көчөлөрүндө жана
Кант шаарынын тилкелеринде жарык жок болот.
Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.