Чолпон-Атада күндүзгү стационар үчүн 3 чатыр тигилди

Чолпон-Атада күндүзгү стационар үчүн 3 чатыр тигилди. Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришкеней, аларда 15 бейтап үчүн орун даярдалды.

 

Андан тышкары, райондун акими Данир Иманалиев эс алуучу жайларда да өзүнчө изоляторлор даярдалганын маалымдады. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү Ысык-Көл облусунда эпидемиологиялык абал азыр туруктуу, бирок курчуп кетиши ыктымал экенин белгилеп жатат.