Кайгуул кызматынын унаасы кырсыкка учураса, анын чыгымын кызматкер төлөйт

Кайгуул кызматынын унаасы кырсыкка учураса, анын чыгымын кызматкер төлөйт.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирет. Анын айтымында,

кырсык катталган учурда чыгымды жол кыймылынын коопсуздугун камсыздо

о башкармалыгы жабат. Кийин ал күнөөлүү кызматкердин эсебинен кайтарылат.

Кайгуул кызматы ишке киргенден тарта алардын унаалары катышуусунда 7 жол кырсыгы катталды.

Анын экөөсүндө кайгуул кызматынын мүчөлөрү күнөөлүү болсо,

5 учурда кызматкерлердин күнөөсү болгон эмес, — деди Сатыбалдиев.