Кара-Кече кенинен көмүр поезд менен ташылып калышы мүмкүн

Кара-Кече кенинен көмүр поезд менен ташылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды. Ага ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоорун түзүүгө сынак жарыялады.

 

Бул максатта 110 миллион сом жумшалат деп пландалууда.

 

Долбоор боюнча темир жолдун жалпы узундугу 186 чакырымды түзүшү керек.