Каракол шаарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өтсө болот.
Калаанын борбордук аянтында көчмө медициналык клиника иштеп баштады. Мэриядан билдиришкендей, медициналык консультация жана текшерүү акысыз жүрөт.
Шаар тургундары 5-6-июнда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин келсе болот. Көчмө клиникада терапевт, гинеколог, лаборант кабыл алып, УЗИ диагностика жүргүзүлөт.