Өкмөт онлайн-жыйындагы дресс-кодду бекитти

Өкмөт онлайн-жыйындагы дресс-кодду бекитти.

Аны министрлик, комитеттер, административдик ведомстволор, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү,

жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Вице-премьер Артем Новиков кол койгон буйрукка ылайык,

эми онлайн жыйындарга катышкандар сырткы көрүнүшү тыкан жана классикалык стилдеги

кийимдерди кийиши керек. Анда 3 өңдөн ашык болбошу керек. Ошондой эле спорттук үлгүдөгү,

джинсы, футболка жана кепка кийүүгө болбойт. Андан тышкары, косметика жана жасалгалар

да аз болушу кажет. Онлайн жыйынга катышып жаткан бөлмөнүн арткы фонунда тиричилик буюмдары болбош керек.