“Кыргыз темир жолу” балансын дээрлик толугу менен жаңыртуу ниетинде. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары Руслан Кадыркулов билдирди.
Анын айтымында, жүргүнчү ташуучу вагондорду капиталдык түрдө оңдоп, 3 локомотив жана 150 жүк ташуучу вагондорду сатып алуу пландалууда. Кадыркулов эске салгандай, пандемияга байланыштуу, учурда жүргүнчү ташуучу поезддер Бишкек-Кайыңды, Бишкек-Токмок жана Бишкек-Балыкчы каттамдары менен гана жүрүп жатат.
Акыркысы азыркы тапта жумасына 3 ирет аткарылып жатса, 15-июлдан тарта күн сайын каттайт.