Кыргызстан калкын каттоо өнөктүгүнө тартылган координаторлорду окутуу аяктады. Улуттук статистика комитети үч күндүк семинарда нускамалар жана мобилдик тиркемеде камтылган суроолор тизмеси, документти толтуруунун тартиби үйрөтүлгөнүн билдирди.
Өлкөдө эл каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы коомдун учурдагы абалы, экономикасы, социалдык тармагы үчүн маанилүү.