Кыргызстанда акыркы суткада дагы 360 адам ковидди жеңип чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке,
Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Кол облустарына туура келет. Ушуну менен
өлкө боюнча вирусту жеңгендердин жалпы саны 64 миң 149га жетти.