Кыргызстанда гидроэнергетика тармагында иштер кызуу жүрүүдө

Кыргызстанда гидроэнергетика тармагында иштер кызуу жүрүүдө. Алар кандай жаатта экенин президент Сооронбай Жээнбеков айтып берет.

 

«Гидроэнергетика багытын алсак, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо аяктап калды, мен өзүм барып, аны менен таанышып келдим. Бул иштер толугу менен бүткөндө, ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. 240 мегаватт деген бул, дагы жаңы бир ГЭСтин курулушу менен барабар иш болот. Токтогул ГЭСинен үнөмдөлгөн 100 миллион долларга Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы башталат. Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат

 

Белгилеп кетсек,  Сооронбай Жээнбеков кечээ жыл жыйынтыгын чыгарып, жыйын өткөрдү.