Кыргызстанда коронавирус боюнча чектөөлөр акырындап алынууда

Кыргызстанда коронавирус боюнча чектөөлөр акырындап алынууда. Алсак, Республикалык штабдын чечими менен эми мектептерде беткап тагынуу талабы жоюлду. Бул окуучуларга жана билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тиешелүү. Чек ара өткөрүү түйүндөрүнүн аймагынан ПЦР-тест жүргүзүү үчүн жеке лабораториялар жабылат.

 

Андан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине санитардык-көзөмөл түйүндөрүнүн максаттуулугун карап чыгуу тапшырмасы берилди. Ал эми Тышкы иштер министрлиги чек ара бекеттериндеги чектөөлөрдү кайра карап чыгышы керек.