Кыргызстанда коронавируска кабылуунун туу чокусу өттү

Кыргызстанда коронавируска кабылуунун туу чокусу өттү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул мөөнөт 11-апрелден 20-апрелге туура келип, адистер болжолдогондон 1,5 жумага эрте өтүп кетти.

 

Бул өз убагында карантин киргизилип, эл коопсуздук чараларын карманганы менен түшүндүрүлөт. Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан өлкөдө вирус басаңдап баштады. Күтүлгөндөй, COVID-19 өлкө аймагында  майдын акырына чейин дээрлик жок болот.