Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өтөт. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, биринчилик 24-28-ноябрь аралыгында спорт ордосунда уюштурулат.
Мелдештер эл аралык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.