Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлерден арыздар 17-февралда кабыл алынып баштайт

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлерден арыздар 17-февралда кабыл алынып баштайт. “Азаттыкка” муфтияттан такташкандай, арыздарды кабыл алуу бир ай жүргүзүлөт.

 

Ал эми ага чейин башкармалыкты муфтийдин орун басары Жоробай Шаргазыев жетектеп турат. Эске салсак, муфтияттын жетекчилиги ажылыкка чогулган акчаны насыяга берип, ай сайын пайыздарын чогултуп жүргөн.

 

Буга байланыштуу муфтий Максатбек Токтомушев камалып, кайра үй камагына чыгарылды. Ага чейин ал кызматтан кетүү боюнча арызын жазып калууга жетишкен.