Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды

Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, 24-июнда нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел жүрүп, 26-июнда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.