Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан бошотулду

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан бошотулду. Маалыматты анын жактоочусу Замир Жоошев тастыктады. Эске салсак, Сапар Исаков Тарых музейи жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык фактылар боюнча 18 жана 15 жылга эркинен ажыратылган.

 

Жакында эле ал Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулган.