Ордо калаада дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылды

Ордо калаада дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тартып Керемет конушундагы

Дыйкан көчөсүнүн Месароштон Нравскийге чейинки тилкесинен унаалар

өткөрүлбөйт. Жалпысынан 550 метр жерге асфальт төшөлөт, курулуш

иштери аяктагандан кийин унаалар өтө турган тилкенин кеңдиги 7 метрге жетет.

Жолдун эки тарабына тротуар жана ирригациялык тармак салынат.